Аба ырайы: Тоолуу райондорго кар жаайт, үшүк жүрөт

Бишкек.

Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 2021-жылдын 1-4-октябрларында аба ырайы туруксуз болот. Мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

2-октябрда күндүз жана 3-октябрда кээ бир райондордо жаан жаап, айрым жерлерде катуу шамал болот. Айрым аймактарда үшүк жүрөт.

1-октябрда айрым аймактарда түнкүсүн жана күндүз жаан, кар жаашы мүмкүн. Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө жана Ош, Баткен облустарында жаан жаабайт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 6 … 11, күндүз 12 … 17;

Талас облусунда түнкүсүн 3 … 8, күндүз 11 … 16;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 10 … 15, күндүз 20… 25;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5 … 10, күндүз 14 … 19;

Нарын облусунда түнкүсүн 3 … 8, күндүз 13 … 18 градус жылуу болот.

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0...-5, күндүз 3...8 градус,

Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 8…10, күндүзгү жогорку температурасы 14…16 градус болот.

Дагы караңыз

Тилекмат Кудайберген уулу 27-абакка которулдуЭне-баланы салбай кеткен айдоочу жумуштан алынды"Улуттук энергохолдингдин" жетекчиси акыл-эстүү киши кечки саат 10го чейин сейилдей турганын айттыСооронкулова тыңшоого байланыштуу Башкы прокуратурага кайрылатТүркия түркмөн президентин сындаган активистти бошотту