Бишкек-Торугарт жолунда кыймыл чектелет

Боом капчыгайында таштарды көчүрүп тазалоо учуру. Бишкек-Торугарт жолу. 3-август, 2016-жыл.

4-8-октябрда Бишкек-Торугарт жолунун 131-чакырымында, тагыраагы Боом капчыгайында жол кыймылына коркунуч келтирбеши үчүн таш көчүрүү иши жүргүзүлөт.

Буга байланыштуу аталган аймакта жол кыймылы убактылуу токтотулат. Таш көчүрүү иштери күндүз жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт.

Жолду тазалоо учурунда кыймыл үчүн бир тилке ачылат. 30-40тан ашык автоунаанын топтолушу менен таш түшүрүү иши токтоп, унааларды өткөрүүгө уруксат берилет.

Бишкек-Торугарт жолунун Боом капчыгайындагы тилкесинде жол кыймылынын коопсуздугу үчүн таш көчүрүү иштери жыл сайын жүргүзүлүп турат.(MiK/ZKo)

Дагы караңыз

Түркия-Орусия алакасы: Сирия, Украина, BayraktarСооронкулова тыңшоого байланыштуу Башкы прокуратурага кайрылатТүркия түркмөн президентин сындаган активистти бошотту"Улуттук энергохолдингдин" жетекчиси акыл-эстүү киши кечки саат 10го чейин сейилдей турганын айттыКутманова Кумтөрдө химиялык калдыктар ар кайсы жерде көмүлгөнүн билдирдиАКШ генералы Доха келишими ооган армиясына терс таасир эткенин айттыБаткен коогасынын катышуучулары ардагер макамын талап кылышуудаЭквадор түрмөсүндөгү тополоңдон 100дөн ашуун адам каза таптыАКШ Сенаты "шатдаундун" алдын алуучу мыйзам долбооруна добуш берет