УКМК Равшан Жээнбековдун жардамчысынын үйүн тинтүүгө алды

Айсулуу Кудайбердиева.

29-сентябрда УКМКнын кызматкерлери абактагы саясатчы Равшан Жээнбековдун жардамчысы Айсулуу Кудайбердиеваны суракка чакырып, үйүндө тинтүү жүргүздү. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кудайбердиеванын адвокаты Нурбек Токтакунов кабарлады.

УКМК азырынча маалымат бере элек. "Азаттык" маалымат сурап атайын кызматка кайрылды.

Айсулуу Кудайбердиева саат 16:00дөн баштап УКМКда эки сааттай суракка алынган. Атайын кызматка барып суралып чыкканын Кудайбердиева өзү да "Фейсбук" баракчасына жазды

Окуя тууралуу Нурбек Токтакунов буларды билдирди:

“Башында бизди сүйлөшөбүз деп эле чакырды. Кирсек бизди тергөөчүгө алып барып, күбө катары сурайбыз дешти. Сурап баштаганда эле мен Айсулууну күбө эмес, шектүү катары сурап жатканын түшүндүм. Анан биз шектүү катары суралып жатсак, анда суроолорго жооп бербей турганыбызды айттым. Күбө катары сурайбыз деп, бирок барып үйүн тинтип, телефонун да алып койду. Үйдөн эч нерсе тапкан жок. Эмнени издешкенин деле түшүнгөн жокмун. Айсулуу азыр үйүндө”.

Азырынча Кудайбердиева эмненин негизинде суракка алынганы белгисиз. Ал соңку президенттик шайлоодо талапкер Равшан Жээнбековдун штабында иштеген. Айсулуу социалдык тармактардын активдүү колдонуучусу. "Азаттык" азырынча анын өзү менен байланыша алган жок.

Дагы караңыз

Жээнбеков шайлоого катышуусуна жол берилбей жатканын билдирдиРавшан Жээнбеков прокурордун үстүнөн сотко кайрылдыКой-Таш окуясы боюнча сот 29-сентябрга жылдырылдыРавшан Жээнбеков президентке кайрылуу жолдоду

Равшан Жээнбеков Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, 2019-жылдын 12-декабрында камакка алынган. Былтыр парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык учурунда, 6-октябрдын түнүндө абактан бошотулган.

Сот саясатчы үй камагынын талаптарын бузганын жүйө келтирип, быйыл 5-августта кайра №1 тергөө абагына камакка алган. Жээнбеков өзүнө коюлган айыпты саясий куугунтук деп келет. (KR/BCh)