Аба ырайы: Чукул билдирүү

Иллюстрациялык сүрөт

Кыргызгидромет 1-4-октябрда туруксуз аба ырайы күтүлөрүн билдирди. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоо этектеринде жааган жамгыр карга айланып, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 2-октябрда күндүз жана 3-октябрда кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.

2-3-октябрларда күндүз абанын температурасы төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

3-5-октябрларда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында үшүк жүрүшү мүмкүн. Мындай үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылча-жемиштерге, казылып алынып жабылбаган картошка жана кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.

Ал эми 29-сентябрда өлкөдө жаан-чачын болбойт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 22…27;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 19…24;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 11…16, күндүз 25…30;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25;

Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 20…25 градус жылуу болот.

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1...-6, күндүз 6...11.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын түнкү температурасы 11…13, күндүзү 25…27° градуска чейин ысыйт.

Дагы караңыз

Кытайга кеткен алтын кошулмасы, бажынын жообуАбдыгуловду кызматтан алуу боюнча документ парламентке келди2020-жылы АКШда киши өлтүрүү фактылары көбөйгөнТүндүк-түштүк автожолунун 2-фазасы аяктоодоКыргызстан издеген соода жолдору: деңиз, аба жана темир жол