Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:10

Кытайга кеткен алтын кошулмасы, бажынын жообу


«Эркечтам» бекетиндеги көзөмөл-өткөрмө бекети. Архив.
«Эркечтам» бекетиндеги көзөмөл-өткөрмө бекети. Архив.

Кыргызстандан Кытайга 360 тонна алтын концентратынын чыгарылып кетиши бажы тармагына сын пикирди күчөттү.

Депутат бажыны коррупцияга айыптады

Жогорку Кеңештин 22-сентябрдагы жыйынында депутат Аккулу Бердиев жыл башында "Эркечтам” чек ара бекетинен аткезчиликке шектүү катары кармалган 17 чоң машинеге жүктөлгөн алтын концентраты 21-сентябрда “Достук” өткөрмө бекетинен сыртка чыгарылып кеткенин айтты.

Депутат автоунаалар концентрат курамында алтындын чыныгы пайызы жашырылгандыгы үчүн кармалганы жөнүндө маалыматы бар экенин “Азаттыкка” билдирди.

Аккулу Бердиев.
Аккулу Бердиев.

“Бул жерде жашыруун иш бар. Алар 4 грамм деп көрсөтүп жатат, бирок 35-40 граммга чейин бар. Булар төмөндөтүп ташып жүрүшкөн. Жергиликтүү аткаминерлер аралашкан. Бул теманы мен көтөрүп чыгып, "Эркечтамдан” чыкпай токтоп турган. Биз бажы кызматына кат берип, Семетеев чыгарган эмес. Азыркы бажычы чыгарып жибериптир. Кечээ чалып сурасам, “балдар мага алтын эмес, жез” деп айтышты дейт”.

Бажы кызматынын жообу

Эл өкүлүнүн билдирүүсүнө Мамлекеттик бажы кызматы дароо жооп берип, жүк чек арадан тиешелүү мамлекеттик органдын уруксат документтеринин негизинде өткөнүн билдирди.

Бажы кызматынын маалыматына караганда, “Гик Кайди” компаниясы флотациялык концентратты экспорттоого лицензияны 26-августта алган.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков жүктүн чоо-жайын мындай түшүндүрдү.

Самат Исабеков.
Самат Исабеков.

Жетекчи болуп отуруп, “билбей калыптырмын” деген сөздү айткан эмесмин. Депутат туура эмес айтып жатат. 2020-жылы флотациялык концентрат деп жазылган 14 машине жүк келген. Лицензиясы электрондук эмес, кол менен жазылып калгандыктан бизде шек жаралган. Ошонун негизинде материалдар каржы полициясына өткөрүлүп берилген. Жасалма деген шек саноо болгон. Каржы полициясы жоюлуп кеткендиктен иш Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Ош облусундагы башкармалыгына түшкөн. Алар материал боюнча тактоо, иликтөө иштерин жүргүзүп, аныкташкан. Экономика министрлигинен, УКМКдан "текшерилди, баары таза, кемчиликтер жоюлду" деген документ келген. Алгач "Эркечтамдан” Кытайдагы катуу карантиндик чектөөлөрдөн улам өтө албай “Достуктан” вагонго жүктөп, Өзбекстан аркылуу Кытайга алып кеткен. Бул жерде мыйзамсыз эч нерсе жок. Депутаттын "коррупция болуп жатат" деген сөзүнө макул эмесмин”, - деди Исабеков.

Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына ылайык, баасы 555 миң 441 миң долларга бааланган 364 тонна чийки зат “Гик Кайди” компаниясына таандык болгон. Аталган компания Чоң-Алайдагы Кара-Казык кенинде иш кылары белгилүү. Ишкана өкүлдөрү жакынкы күндөрү толук маалымат берерин билдирди.

Чийки затты сыртка ташууга тыюу салуу демилгеси

2020-жылы ошол кездеги премьер-министр, азыркы президент Садыр Жапаров Ала-Бука, Чаткал райондорунун эли менен жолугушуу учурунда тоо-кен өндүрүмүн концентрат катарында сыртка ташууга тыюу салынарын айткан болчу. Бул тууралуу президенттин сайтында кабарланган.

"Учурда адистер тоо-кен тармагынын өндүрүмүн концентрат катарында чет өлкөгө чыгарууга бөгөт коюу боюнча иш жүргүзүүдө. Даяр өндүрүм катарында чыгарса болот, киреше мурдагыдан да көбөйөт. Муну менен катар мындан ары лицензия берилбейт. Бирок буга чейин уруксат алган компаниялар иш жүргүзө берет. Алардын ишине тоскоолдук кылбаңыздар".

Учурда тоо-кен өндүрүмүн концентрат катарында сыртка ташууга тыюу салына элек. 2020-жылдын аягында концентратты казып алуу, сатууда киреше салыгын 2023-жылга чейин 7%, андан кийинки жылдарда 10% жогорулатуу киргизилген.

Мурдагы вице-премьер-министр, экономикалык саясат боюнча эксперт Базарбай Мамбетов кен тармагындагы бардык чийки затты сыртка ташууга тыюу салуу керек деп эсептейт. Мамбетовдун пикиринде, айрым ишканалар коррупциялык жолдор менен концентрат катары баалуу металлдарды алып чыгып, өлкө миллиондогон акчадан кур калып жатат.

“Мыйзамда тыюу салуу жазылбагандыктан шылуун чет өлкөлүк компанияларга алтынды алып кеткенге шарт түзүлдү. Мен үч айдан бери төрт жолу кайрылдым. Өлкөдө иштетилип жаткан "27 ишкананы карап, текшерип көзөмөлдөйлү" деп. Жооп жок. Өлкө миллиондордон кур калып жатат”, - деди Мамбетов.


Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин маалыматына ылайык, 2019-жылы сырткары курамында алтын камтылган 73 миң тонна 402 кг концентрат жана 130 миң тоннадан ашыгыраак тоо тектери (руда) өлкөдөн чыгарылган. Болжол менен концентратта 5 тонна 608 кг алтын, рудада 964 кг алтын бар деп эсептелген.

Учурда 2020-жылдагы сыртка чыгарылган концентраттын көлөмүн билүүгө мүмкүнчүлүк болбоду. Жергиликтүү медиадагы маалыматтарга таянсак, өлкөдө 2020-жылы 63 миң тоннадай концентрат, 162 миң тоннадай руда башка мамлекеттерге ташылган.

Буга чейинки маалыматка ылайык, өлкөдө тоо-кен тармагында сыртка концентрат чыгарууга уруксаты бар 10дой ишкана бар. Алар көбүнчө Казакстан, андан кийин Кытай, Түркия алып кетишет. Концентрат – бул баалуу металлдардын аралашмасы.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG