Канар архипелагынын тутумуна кирген Ла-Пальма аралында жанар тоо атылып, 19-сентябрда төрт кыштактын тургундары коопсуз жайга көчүрүлдү.
Испаниянын өкмөт башчысы Педро Санчес Ла-Пальма аралына жергиликтүү бийлик менен шашылыш сүйлөшүү жүргүзүү үчүн барды.
Канар аралдарынын президенти Анхель Виктор Торрестин айтымында, беш миңдей киши эвакуацияланды.
Окумуштуулар өткөн жумада жанар тоо жайгашкан аймакта 22 миңден көп жолу жер силкингенин байкашкан.
Вулкандын атылышына жердин титиреши түрткү болгону маалымдалды. Соңку ирет жанар тоо 1971-жылы атылган.
Дагы караңыз
COVID-19: Айрым неврологиялык оорусу барларга эмделүүгө болбой турганы айтылды ЖАМК Жантөрө Сатыбалдиевдин кайрадан операция болгону тууралуу маалыматты четке какты"Озоди" тажикстандык студенттер Кыргызстанга киргизилбей жатканын жазды