Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:51

ЖАМК Жантөрө Сатыбалдиевдин кайрадан операция болгону тууралуу маалыматты четке какты


Жантөрө Сатыбалдиев.
Жантөрө Сатыбалдиев.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин кайрадан операция болгону тууралуу маалыматты четке какты.

Сатыбалдиев Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда дарыланып, бир апта мурун №47 абакка кайтканын ЖАМКнын басма сөз кызматынын өкүлү Элеонора Сабатарова 20-сентябрда "Азаттыкка" билдирди.

Экс-премьер-министр аталган ооруканага сентябрдын башында жаткан. Айрым маалымат каражаттары ал омурткасынан операция болгонун жазышкан.

Жантөрө Сатыбалдиев 2020-жылдын ноябрында жүрөгүнөн операция болуп, стенд койдурган. Ал Бишкек Жылуулук электр борборундагы коррупцияга айыпталып, жети жарым жылга камалган. (SE)

XS
SM
MD
LG