Пермь университетиндеги атышуудан каза тапкандар бар

Пермь мамлекеттик университетинин имараты.

Орусиянын Пермь мамлекеттик университетинин имаратында белгисиз адам туш келди ок чыгарып, ондон ашык киши жабыркады. Ок чыгарган шектүү кармалганы кабарланды.

РБК маалымат агенттиги өз булактарына таянып, 20-сентябрдагы окуяда үч киши көз жумганын жазган. Ал эми 112 телеграм-каналы беш адам каза болгонун кабарлады.

РЕН телеканалы жарыялаган видеодо кишилер экинчи кабаттан секирип жатканын көрүүгө болот.

Университет жетекчилиги социалдык тармактардагы баракчалары аркылуу студенттерди эшиктерди жаап, көчөгө чыкпоого чакырды.

Дагы караңыз

ЖАМК Жантөрө Сатыбалдиевдин кайрадан операция болгону тууралуу маалыматты четке кактыПрезидент ишкерликти колдоо улантыларын билдирдиCOVID-19: Дагы эки адам каза болду, 58 бейтап жаңы катталды