Ооганстандык журналисттер дүйнөлүк коомчулукка кайрылышты

Ооганстандагы "Этилаатроз" басылмасынын кабарчылары талибдерде туткунда кезинде кыйноого алынышкан. Неамат Накди (солдо) жана Таки Даряби гезиттин Кабулдагы кеңсесинде. 8-сентябрь, 2021-жыл.

Ооганстандагы жүздөн ашуун журналист куугунтукту жана кабарчылардын өлүмүн токтотууга көмөктөшүүсүн сурап, эл аралык коомчулукка кайрылды. Алардын кайрылуусун "Чек арасыз кабарчылар" уюму 18-сентябрда жарыялады.

Кайрылууга анонимдүү түрдө 103 ооган журналист, анын ичинде 20 аял кол койгон. Булардын басымдуу бөлүгү учурда Ооганстанда иштешет, айрымдары башпаанек сурап кетсе, 10 журналист сүргүндө. Кайрылуу ээлери "Талибан" (Кыргызстанда тыюу салынган уюм) кыймылынын мурунку режиминин (1996-2001 -жылдар) учурундагыдай Ооганстанда кабарчылардын өлүмүн каалабасын билдиришкен. Алар өзгөчө аял журналисттер коргоого муктаж экенин белгилейт.

"Талибан" коомдук милдеттенмелерди алганы менен жалпы репрессиянын белгилерин байкап жатабыз. Журналисттерди коркутуп, куугунтуктоо, жашыруун цензура көрүнүп турат",-деп жазылган кайрылууда.

Кабарчылар Ооганстандагы басма сөз эркиндигин, акыркы жыйырма жылда жетишилген маалымат каражаттарынын көз карандысыздыгын, плюрализмди жана журналисттерди коргоо боюнча жетишкендиктерди сактап калууга көмөктөшүүгө дүйнөлүк коомчулукту чакырышты.

АКШ баштаган союздаштар аскерлерин Ооганстандан чыгара баштагандан тартып күч алган "Талибан" кыймылы 15-августта Кабулду басып алган.

Дагы караңыз

Орусияда эки күндө 31,5% шайлоочу добуш бердиCOVID-19: акыркы суткада 69 жаңы учур катталдыБишкекте онкологиялык илдет менен ооруган балдар үчүн өзүнчө бөлүм ачылдыБритания Кыргызстанды коронавируска коопсуз өлкөлөрдүн катарына киргиздиГерманияда салттуу "Октоберфест" фестивалы өтүп жататКазак депутаттары Тажикстанга курал берүүнү талкуулайт "Кумтөр иши": Экс-президент экинчи жолу суракка барды Футбол: Кыргызстандын кубогуна “Нефтчи” клубу ээ болду