Германияда салттуу "Октоберфест" фестивалы өтүп жатат

Мюнхендеги 181-Октоберфест фестивалынын ачылышы. 20-сентябр, 2014-жыл.

Коронавирус пандемиясынан улам Мюнхенде быйыл экинчи жылы катары менен күзгү салттуу фестивалды өткөрүүгө тыюу салынды. Бирок ошого карабастан 18-сентябрь күнү Терезиенвизе аянтына кишилер чогулуп, фестивалды баштады. Улуттук кийим кийген адамдар пиво жана башка ичимдиктерин, тамак-аш алып келип, ырдап-бийлешти.

3-октябрга чейин созулуучу майрам быйыл Мюнхенде бир аз башкачараак өтөрү күтүлүүдө. Ресторан-пабдар "Октоберфест" учурунда тигилүүчү чатырлар сыяктуу жасалгаланып, фестивалдын музыкаларын жаңыртууну көздөп жатышат.

Расмий бийлик "Октоберфест" салттуу түрүндө 2022-жылы өтөт деген үмүтүн билдирди.

Күзгү салттуу майрам-фестивалдар Европанын башка өлкөлөрүндө да өтүп жатат. Испанияда 25 000 чамалуу студенттер вино майрамына чогулушту. Мадриддеги Комплутенсе университетинин жанындагы аянтта майрам таң атканча созулду. Оюн-зоок учурунда тартылган видеолордо кишилер беткапсыз, социалдык аралыкты сактабай ырдап-бийлеп жүргөнүн көрүүгө болот.

Коронавирус пандемиясынан улам Испанияда массалык иш-чараларга тыюу салынган.

2019-жылы декабрда Кытайдын Ухань шаарында катталган коронавирус кыска убакытта дүйнөгө тарады. Вирус 4,5 млн ашуун адамдын өмүрүн алып кетти. Коронавирус пандемиясынан улам дүйнө мамлекеттери карантиндик чектөөлөрдү киргизип, массалык иш-чараларга тыюу салган эле.

Дагы караңыз

"Бийлик элде болбосо, эмнеси демократия?"Тажикстан "Талибандын" талылуу жерин билетКазак депутаттары Тажикстанга курал берүүнү талкуулайт Лондондогу уюм Кыргызстандын алтынын Батыш өлкөлөрүнө сатуу укугун чектедиАтакама чөлүндөгү "ажыдаардын" калдыгы"Кумтөр иши": Экс-президент экинчи жолу суракка барды Футбол: Кыргызстандын кубогуна “Нефтчи” клубу ээ болду