Дүйшөмбүдө ШКУнун саммити башталды

ШКУ саммитине катышып жаткан лидерлер. Дүйшөмбү шаары, Тажикстан. 17-сентябрь, 2021-жыл.

Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммити бүгүн, 17-сентябрда Тажикстандын борбору - Дүйшөмбү шаарында өтүп жатат. Анда ШКУга мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчылары уюм алкагындагы кызматташтык маселелерин талкуулап жатышат.

Дүйшөмбүдөгү ШКУ саммитине Индия, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Орусия, Өзбекстан жана Тажикстандын мамлекет башчылары катышууда. Булардан тышкары байкоочу макамы бар мамлекеттер: Беларус, Иран, Монголия жана Ирандын лидерлери бар. Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов ардактуу конок катары катышып жатат.

Саммиттеги негизги тема - Ооганстандагы кырдаал болору кабарланган. (ZKo)

Дагы караңыз

COVID-19: Италияда кызматкерлерден саламаттык тууралуу документ талап кылынат Темирлан Султанбеков ИИМге суракка чакырылганын билдирди Абдирасулова Курсан Асановдун бөгөт чарасы боюнча бийликке кайрылдыАтамбаевдин тарапкерлери Кой-Ташта жыйынга чогулушту Курсан Асановдун бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча апелляциялык арыз берилдиБир тайпада 93 бала. Ошто бала бакча тартыштыгы чечиле элек "Кумтөр голд компани" ишканасы "Центерраны" кутум үчүн айыптады"Кумтөр" жана "Центерранын" мурдагы жетечилерине издөө жарыяланды Орхан Инанды Түркиянын жарандыгынан баш тартууга арыз бергени маалымдалды