Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:33

Курсан Асановдун бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча апелляциялык арыз берилди


Курсан Асанов.
Курсан Асанов.

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз берилди. Бул тууралуу адвокат Чынара Жакупбекова "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, Асановду үй камагына чыгаруу же Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына которуу өтүнүчү келтирилди.

14-сентябрда Ички иштер министрлиги Курсан Асанов “башка адамдар менен бирге алдын ала сүйлөшүп, бийликти күч менен басып алууга активдүү даярданып, уюштуруп жүргөн” деген шек менен Жазык кодексинин 309-беренесинин (“Бийликти күч менен басып алуу”) негизинде шектүү катары кармалганын билдирген.

Анын алдында интернетте Курсан Асанов менен анын шайлоо штабында иштеген Алмаз Сарыбаевдин ("АКБ Толубайдын" директорлор кеңешинин мүчөсү) телефон аркылуу сүйлөшүүсү деген аудио тараган. Аты аталгандар муну "фейк" деп жатышат.

16-сентябрда Биринчи май райондук соту Асановдун бөгөт чарасын карап, аны Ысык-Ата районунун Төмөнкү Нооруз айылындагы №50 тергөө абагына эки айга камоо чечимин чыгарды.

Асановдун жактоочулары ага өтө кооптуу кылмышкердей мамиле жасалып, өзгөчө оор кылмыш жасагандар отурган абакка кармоо чечимине нааразы болуп жатышат.

15-сентябрда Алмаз Сарыбаев да кармалып, соттун чечими менен эки айга камалды.

Асановго карата буга чейин козголгон үч иш бириктирилип, Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып келатат.

Быйыл январь айында ага 2020-жылдын октябрындагы окуяларга байланыштуу "Имаратты жана мекемени басып алуу" деген берене боюнча да айып тагылган.

Асанов алгач камалып, кийин үй камагына чыгарылган болчу.

Анын сотунда күбөлөр берген көрсөтмөлөрдүн көбү актаган мазмунда болуп жатканын 16-июнда жактоочулар билдирген.

№50 абакта өзгөчө оор кылмаш жасагандар, өмүр бою эркинен ажырагандар отурат. Жаза аткаруу кызматынын маалыматына караганда, бул Кыргызстандагы жалгыз гана "түрмө" макамына ээ мекеме. Күчөтүлгөн тартипте көзөмөлгө алынат, камера режиминде кармалат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG