Атамбаевдин тарапкерлери Кой-Ташта жыйынга чогулушту

Кой-Ташта чогулган адамдар. 17-сентябрь, 2021-жыл.

Абактагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлери жана жакындары 17-сентябрда анын Бишкектин четиндеги Кой-Таш айылындагы үйүнүн алдына чогулушту. Анда сөз сүйлөгөн учурда Чүй облусунун мурдагы башчысы, БШКнын экс-төрагасы, саясатчы Туйгунаалы Абдраимов Кой-Ташта чогулгандардын бийликти басып алуу максаты жок экенин билдирди. Ал Атамбаевдин ден соолугу начар экенин айтып, аны эркиндикке чыгарууга чакырды:

"Биздин эч кандай жаман оюбуз жок, Ак үйдү басып алалы" деген аракетибиз да жок", - деди Абдраимов.

"Азаттыктын" кабарчысы жеринен билдиргендей, Атамбаевдин 65 жылдыгын белгилөө максатында чогулгандардын арасында Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина, саясат талдоочу Токтогул Какчекеев бар.

Мурдараак Алмазбек Атамбаевдин туулган күнүнө байланыштуу Бишкекте митинг өтөрү кабарланып, кийинчерээк ал болбой калганы айтылган. Уюштуруучулар митингдин ордуна Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө маданий иш-чара уюштурула турганын билдиришкен.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаев азыр Бишкектеги №47 колонияда отурат. Ал кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы абактан мыйзамсыз бошотулушуна жана 2019-жылдын августундагы Кой-Таш окуясына байланыштуу соттолууда. Бул иштер Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып жатат. (ZKo)

Дагы караңыз

Бир тайпада 93 бала. Ошто бала бакча тартыштыгы чечиле элек Курсан Асановдун бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча апелляциялык арыз берилди"Кумтөр голд компани" ишканасы "Центерраны" кутум үчүн айыптады"Кумтөр" жана "Центерранын" мурдагы жетечилерине издөө жарыяланды Орхан Инанды Түркиянын жарандыгынан баш тартууга арыз бергени маалымдалды“Өзгөн Мунара-2021” феcтивалы башталдыЖЭБ иши: Калиев менен Авазов абактан чыктыМариповдун Facebook жана Instagram баракчалары верификациядан өттү