Кыргызстанда Тажикстандын эки жараны өмүр бою эркинен ажыратылганы кабарланды

Иллюстрациялык сүрөт.

Баткен облусундагы сот Тажикстандын эки жаранын — Аскар Юнусов менен Абдурозик Каххоровду өмүр бою эркинен ажыратты.

Алар "Тынчтыкка каршы кылмыш кылуу" жана "Талоончулук" беренелери боюнча күнөөлүү деп табылганын "Азаттыктын" тажик кызматы өз булактарына таянып жазды.

Маалыматка ылайык, Тажикстандын соттолгон жарандары быйыл апрель-май айларында чек арада болгон куралдуу кагылышуудан кийин кармалган. Азырынча Тажикстандын бийлиги Каххоров менен Юнусовго карата чыккан сот өкүмү боюнча комментарий бере элек.

Кыргызстандын Жогорку сотунун басма сөз кызматы маалыматты ырастай элек, учурда такталып жатканын билдирүүдө.

"Озоди" радиосунун маалыматына караганда Аскар Юнусов менен Абдурозик Каххоров быйыл май айында кармалган. Абдулазиз Юнусовдун айтымында, алар чек ара сызыгы жок аймакта кыргыздар менен бир көчөдө жашайт.

Ал арада 15-сентябрда Кыргызстандын тажик улутундагы үч жаранынын үстүнөн сот отуруму башталганы кабарланды. Алар апрель-май айларындагы куралдуу кагылышта кылмыш кылган деп айыпталууда. Прокуратура айыпталуучулардын ар бирин 20 жылдан соттоону өтүндү. Аларга карата өкүм 21-сентябрда чыгат деп күтүлүүдө.

"Озоди" радиосунун колуна тийген документтерге ылайык, этникалык тажиктер "Мекенге чыккынчылык кылуу", "Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү" жана "Мыйзамсыз маңзат сатуу" беренелери боюнча айыпталууда.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында куралдуу кагылышуу болуп турат. Акыркы жолу быйыл 28-апрелден 1-майга чейин уланган куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши курман болгон, анын экөө жаш бала. 180ден ашуун киши жараат алган. Тажик тараптан 19 киши өлүп, 87 киши жарадар болгону расмий кабарланган. Тараптар бири-бирин айыптап, кылмыш иштерин козгошкон.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970 чакырымдай болсо, анын 519 чакырымы гана такталган. Чек ара тактоодо эки тараптын негизги талашы кайсы карта, кайсы юридикалык документке негизделип иштөө керектиги боюнча орток пикирге келе албай, көп жолугушууларда иш жылбай жатканы айтылып келген.(ZKo)

Дагы караңыз

Француз аскерлери "Ислам мамлекети" террордук уюмунун Сахарадагы лидерин жок кылыштыМелис Турганбаев суракка чакырылбаганын билдирдиКыргызстанда алгачкы жолу семетейчилер сынагы өтөтТоктогул суу сактагычында 12,1 млрд куб метр суу бар"Ынтымакты" имараттан чыгаруу аракетиИИМ саясатчылардын сурак берүүсү боюнча үн каттыБишкекте республикалык “Мыкты боз үй” кароо-сынагы өтөт