Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:09

Француз аскерлери "Ислам мамлекети" террордук уюмунун Сахарадагы лидерин жок кылышты


Мали, 2013-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Мали, 2013-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон француз аскерлери “Ислам мамлекети” радикал уюмунун Чоң Сахарадагы лидерин жок кылышканын билдирди.

Мамлекет башчы 16-сентябрда Твиттерге “Сахелдеги террордук уюмдарга каршы күрөштө дагы бир чоң ийгиликке жетиштик”, - деп жазды.

Аднан Абу Валид ал-Сахрави качан жана кайсы жерде өлтүрүлгөнү айтылган жок.

“Ислам мамлекети” радикал уюму Франциянын мурдагы колониялары – Буркина Фасо, Мали жана Нигерде коопсуздук күчтөрүнө, карапайым элге кол салып келет.

Ал-Сахрави 2017-жылы америкалык жана нигердик аскерлер окко учкан терактты уюштурганын моюнга алган. 2020-жылдын августунда ал франциялык алты гуманиардык кызматкерди жана алардын жергиликтүү айдоочусун өлтүрүүгө өзү буйрук берген.

Франция Сахел аймагында террорчуларга каршы күрөштүн алдыңкы катарында турат. 2012-жылы Малидеги мамлекеттик төңкөрүш ашынган исламчыларды козгоп, Париж ошондон бери 5 миңдей аскерин жөнөткөн.

Бирок жыл башында франциялык контингент 2,5-3 миңге чейин кыскартылары жарыяланды.

XS
SM
MD
LG