Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 13-сентябрдагы маалыматына ылайык, соңку бир суткада өлкө боюнча инфекциядан эки киши каза тапты. Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2574 адамга жетти. Соңку бир суткада вирус дагы 68 адамдан табылды.
Бишкек - 31
Ош шаары - 3
Чүй облусу – 15
Нарын облусу - 4
Ысык-Көл облусу – 8
Жалал-Абад облусу – 4
Баткен облусу - 3
Талас менен Ош облустарында катталган эмес. Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери COVID-19 жуктуруп алгандардын жалпы саны 177 226 кишиге жетти. Алардын 649у ооруканада жатат, дагы 1021 бейтап үйдөн дарыланууда. Бир суткада 95 адам айыгып чыкты. Оорудан сакайып чыккандардын жалпы саны 171 523 киши.
Коронавируска каршы эмделгендердин жалпы саны 1,2 млн. ашты. Алардын 735 миңден көбү вакцинанын биринчи дозасын алды. (КЕ)
Дагы караңыз
МАГАТЭ Ирандын өзөктүк объектилеринде видеокөзөмөл жүргүзө алмай болдуРим папасы Венгрияны “бардык адамдарга кулачын жаюуга” үндөдүБаткендеги жол кырсыгынан эки киши каза болуп, жетөө жаракат алдыАк-Буураны көрктөндүрүү долбоору боюнча Ош мэриясына кылмыш иши козголду“Унаа” ишканасы боюнча текшерүүнүн жыйынтыгы бүгүн жарыяланат Ош: Аялдарды тизмеден чыгарууну колдогон шайлоо комиссиясынын ордуна жаңылар келди Экология көйгөйүн баяндаган көргөзмө өтүп жатат