Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясынын жээгин көрктөндүрүү жана жашылдандыруу долбооруна өткөрүлгөн тендерде кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу болгон деген шек менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети мэрияга кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу 8-сентябрда маалым болду.
Атайын кызматтын маалыматында факты боюнча иш Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 3-бөлүгү ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 2021-жылдын 13-февралында катталган.
УКМКнын басма сөз кызматы кайсы кызматкерлердин үстүнөн иш козголгонун ачыктаган эмес. Ош шаардык мэриясында курулуш тармагына жооптуу вице-мэр Жасур Азимов да УКМК тергөөгө эч ким чакырыла электигин айтты.
Долбоор 2020-жылы башталып, аны эки жылда бүтүрүү пландалган. 252 миллион сомго бааланган долбоордун тендерин «Капитал Курулуш» жоопкерчилиги чектелген коому утуп алган. (DU)
Дагы караңыз
ФБР 9/11 тууралуу иликтөөнүн жыйынтыгын жарыялады“Унаа” ишканасы боюнча текшерүүнүн жыйынтыгы бүгүн жарыяланат Баткен: Жаш активисттер бийликтин убадаларын тескеген сайт ачышты Ош: Аялдарды тизмеден чыгарууну колдогон шайлоо комиссиясынын ордуна жаңылар келди Экология көйгөйүн баяндаган көргөзмө өтүп жатат Бишкектин күч түзүмдөрү биргелешип иштөө планын бекитишти Түркия "Маариф" мектептерин Кыргызстандын облустарында да ачууну көздөөдө