Ишембиде америкалыктар 11-сентябрь апаатынын 20 жылдыгын эскеришти. Эскерүүгө АКШнын мурдагы жана азыркы үч президенти катышты.
Нью-Йорктогу кош мунаранын ордуна курулган 9/11 мемориалына теракттан каза тапкандардын жакындары чогулду. Арасында айрымдары жоготкон жакындарынын сүрөттөрүн кармап турушту.
Эскерүү иш-чарасына президент Жо Байден жубайы менен катышты. Андан тышкары мурдагы президенттер Билл Клинтон жана Барак Обама, Нью-Йорктун 2001-жылкы мэри Руди Жулиани да катышты. Саясатчылар сөз сүйлөшкөн жок.
Президент Байден мындан тышкары Пенсильвания штатындагы Шанксвилл талаасына, андан кийин Пентагондун имаратына - 20 жыл мурун теракт болгон жерлерге да барып, каргашалуу окуянын курмандыктарын эскерди.
Иш-чара учурунда жанкечтилер барымтага алган учактардан кош мунарага катары менен келип урунганы, мунаралардын кулаганы, бир учактын Пентагондун имаратына, дагы бирөө Шанксвилл талаасына кулаганы - булардын ар бирин эскерүү иретинде жалпы алты жолу жымжырттык жарыяланды.
Ошондой эле Нью-Йоркто окуя болору менен жетип барып, өмүрүн тобокелге салган 343 өрт өчүрүүчүнүн эрдиги да эскерилди. Кечке жуук Нью-Йорктогу Дүйнөлүк соода борборунун ордунан асманга карай кош мунаранын элеси сыяктуу жарык берилди.
2001-жылы 11-сентябрда жанкечтилер барымтага алган жүргүнчү учактары Нью-Йорктогу Дүйнөлүк соода борборунун кош мунарасына, Пентагондун имаратына урунган. Төртүнчү учактагы жүргүнчүлөр террорчуларга каршылык кылып, натыйжада учак Шанксвилл талаасына кулаган. Мунун баары бир убакта - 1 саат 42 мүнөттүн ичинде болгон. Апааттан үч миңдей адам набыт кеткен.
9/11 апаатынын 20 жылдыгы дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө эскерилди. Бир катар маалымат каражаттары кандуу калаба тууралуу даректүү тасмаларды көрсөтүштү.
Дагы караңыз
20 жыл мурдагы канабайрам: өзгөрүлгөн дүйнөАКШ 11-сентябрдагы окуя боюнча иликтөөсүн жарыяладыМарат Алышпаев: тагдырыма ыраазымынБШК Эшимовдун кармалышына байланыштуу билдирүү тараттыЖамбылдагы жарылуудан каза болгондор 17 адамга жеттиКышта тамак-аш тартыш болбойбу? Теле алып баруучу Алексей Филатов пневмониядан кайтыш болду Бир суткада коронавирус 75 кишиден аныкталды, үч бейтап каза болду