БШК Эшимовдун кармалышына байланыштуу билдирүү таратты

БШКнын имараты. Иллюстрациялык сүрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы Акылбек Эшимовдун кармалышына байланыштуу билдирүү жасады.

"БШКнын мүчөлөрү партиялардын талапкерлерин сунуштай албайт. Боршайком партиялардын мындай иштерине киришүүгө укуксуз. Саясий партиялардын талапкерлердин тизмесин түзүү иши - партиянын ички жумушу. Алар талапкерлеринин тизмесин өздөрү түзүп, курултайында бекитет", - деп жазылган маалыматта.

Анда Акылбек Эшимовдун иши тиешелүү органдар тарабынан калыс каралып, иликтенет деген ишеним кошумчаланган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кылмыш кодексинин 204-беренеси ("Ири өлчөмдөгү алдамчылык") менен шек саналып кармалып, камалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) 11-сентябрда маалымдаган.

Атайын кызматтын кабарында Эшимовго каршы арыз түшкөнү, кайрылган адам БШКнын мүчөсү "Кыргызстан" саясий партиясынын лидери менен кошо 550 000 доллар алганын билдиргени айтылган.
Акча 2020-жылы, июнь айында парламенттик шайлоого катышуучу партиялык тизмеде алдыңкы беш орундун ичине кошуу убадасы менен алынганы, ал сөз ишке ашпай калгандан кийин акчанын 300 миң доллары гана ээсине кайтарылганы белгиленген.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту БШКнын мүчөсүн эки айга УКМКнын тергөө абагына камоого чечим чыгарган.

2020-жылы 4-октябрдагы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого 16 саясий партия катышкан. "Кыргызстан" саясий партиясы 7% босогодон өткөн партиялардын катарында болгон. Шайлоонун акыйкатсыз өткөнүнө нааразылыктан улам, өлкөдө бийлик алмашкан. Шайлоо жыйынтыгы жокко чыккан. (ZKo)

Дагы караңыз

Жамбылдагы жарылуудан каза болгондор 17 адамга жеттиКышта тамак-аш тартыш болбойбу? Теле алып баруучу Алексей Филатов пневмониядан кайтыш болду Бир суткада коронавирус 75 кишиден аныкталды, үч бейтап каза болду Кургакчылык кесепети: жем-чөп кымбат, мал арыкЖаңы табылган динозаврга өзбекче ат берилди Пакистан Ооганстандан адамдарды эвакуациялоону улантатБританияда ири өлчөмдөгү баңгизат кармалды Байден америкалыктарды улуттук биримдикке чакырды