Байден америкалыктарды улуттук биримдикке чакырды

АКШнын президенти Жо Байден 11 -сентябрдагы теракттын 20 жылдыгына арналган видео кайрылуусунда. Вашингтон. 10-сентябрь, 2021-жыл.

АКШ президенти Жо Байден 11 -сентябрдагы теракттын 20 жылдыгына арналган видео кайрылуусунда Американын элин улуттук ынтымакка чакырды.

Ал ички биримдик 20 жыл мурун "Ал-Каиданын" террорчулары басып алган учактар Нью-Йорктогу Дүйнөлүк соода борборуна, Пентагондун имаратына урунганда жана Пенсильваниядагы талаага кулаганда 3 миңге жакын адам каза болгон чабуулдарга "чоң сабак" болот деп белгиледи.

Байден "Твиттердеги" билдирүүсүндө, 20 жыл мурдагы чабуулдардан кийин "бардык жерде баатырдык" жана "өтө сейрек кездешүүчү нерсе: чыныгы улуттук биримдик сезими" болгонун айтты. "Биримдик өлкөнүн эң чоң күчү" экенине токтолду.

"Биздин биримдигибиз ишенимдердин окшоштугунда эмес, бири -бирибизге жана улутка терең урматыбыз", - деди Байден.

Ал 11-сентябрдагы курмандыктарды эскерүү үч жерде: террорчулар барымтага алган учактар урунган Нью-Йорктогу кош мунаранын ордуна, Пентагондун имаратына жана Пенсильвания талаасында болот. Эскерүү учурунда ал эл алдында сүйлөбөйт.

2001-жылы, 11-сентябрдагы терактта 2977 адам курман болгон, көпчүлүгү Нью-Йорктогу Дүйнөлүк соода борборунда каза тапкан.

Дагы караңыз

Орозайым Нарматова Москвага учуп кеттиУКМК: БШКнын мүчөсү алдамчылыкка шек саналып камакка алындыОрозайым Нарматова ИИМге сурак берип чыкты"Ата Мекен" жана "Реформа" партиялары демократиялык коалиция түздүБишкекке дагы 210 автобус келди"Газпром" "Түндүк агым-2" газ кууру курулуп бүткөнүн жарыяладыАкыйкатчы Нарматованын кармалышына байланыштуу түшүндүрмө талап кылуудаОоганстанда талибдер Амрулла Салехтин агасын өлтүрүштүТаласта секелектерге тийишкен шектүү камалды