Кыргызстандын мектептериндеги “Адам жана коом” предметинин мугалимдери үчүн юридикалык клиникалар атайын окуу китебин иштеп чыгышат. Китеп онлайн түрүндө кыргыз жана орус тилдеринде жазылууда. Атайын сайтка жарыяланган бул китеп бардык аймактардагы мугалимдердин окуучуларга укук жөнүндө интерактивдүү сабак өтүүсүнө мүмкүнчүлүк берет.
Долбоордун автору жана Кыргызстандын юридикалык клиникалар ассоциациясынын президенти Артур Бакиров демилге мектептерде укук тууралуу маалымат жетишсиздигинен улам көтөрүлгөнүн билдирди.
“Укуктук сабаттуулук мектепте “Адам жана коом” сабагынан башталат. Бирок азыр бул предмет укук жөнүндө терең маалымат бербейт. Окуучуларга мыйзамдарды колдонуу жана алардын өзгөчөлүктөрүн түшүнүү боюнча үйрөтө турган материалдар жок. Укуктук материалдарды жеткиликтүү жана көрсөтмө курал аркылуу түзүү укуктук терминологияны түшүнүүнү жеңилдетет”.
Демилгечилердин маалымдашынча, сайт ноябрь айында ишке кирип, мугалимдер менен мектеп окуучулары үчүн жеткиликтүү болмокчу.
Коронавирус пандемиясынан улам Кыргызстанда бардык билим берүүчү мекемелер 15-сентябрда иштей баштайт. (ZKo)
Дагы караңыз
Активист Орозайым Нарматова кайрылуу жасадыИИМ Орозайым Нарматова күбө катары суралып, бошотулганын билдирдиМосква менен Минск жалпы энергетикалык базар түзөт Текебаев Нарматовага жасаган бийликтин аракетин "зордук-зомбулуктун үлгүсү" деп сыпаттадыRSF тажик бийлигинен журналистти эркиндикке чыгарууну талап кылдыТИМ 74 миң кыргыз жаранына Орусияга кирүүгө тыюу салынганын билдирди"Бир чокоюм эрип кетти"... Мончонун күлүнө күйгөн баланын абалы оор