Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:32

RSF тажик бийлигинен журналистти эркиндикке чыгарууну талап кылды


Хикматулло Сайфуллозода, 12-январь, 2013-жыл
Хикматулло Сайфуллозода, 12-январь, 2013-жыл

Баш кеңсеси Парижде жайгашкан "Чек арасыз кабарчылар" (Reporters Sans Frontières - RSF) уюму Тажикстандын бийлигинен 16 жылга кесилген, журналист жана "Ислам кайра жаралуу партиясынын" активисти Хикматулло Сайфуллозодага мунапыс берип, эркиндикке чыгарууну талап кылды.

Эл аралык уюмдун билдирүүсүндө Сайфуллозода 2015-жылдан бери түрмөдө отурганы, саламаттыгы начар экени белгиленген.

Тажик президенти Эмомали Рахмон өлкөсүнүн эгемендигинин 30 жылдыгын утурлай жазага тартылгандарга мунапыс жарыялаган. Ага ылайык, 16 миңден ашуун киши тизмеге кирип, анын 11 миндейи эркиндикке чыгат.

"Чек арасыз кабарчылар" уюмунун Чыгыш Европа жана Борбордук Азия боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Жан Кавелье "Сайфуллозода саясий жүйөдөн улам кесилген, ал дагы 10 жыл абакта отурушу керек. Темир тор артында адам чыдагыс шарттарга кабылды. Мунапыс берип, эркиндикке чыгаруу анын өмүрүн сактап калмак. Азыр анын коомго жана бийликке эч кандай коркунучу жок" - деп билдирди.

70 жаштагы Хикматулло Сайфуллозодага быйыл июнда түрмөнүн ооруканасында жүрөгүнө операция жасалган. Анын жубайы өп-чап турмуштун айынан күйөөсүнө дары-дармек жеткире албай калганын "Азаттыктын" тажик кызматына айтып берген.

Сайфуллозода Тажикстанда тыюу салынган "Ислам кайра жаралуу партиясынын" мүчөсү жана партиянын гезитинин редактору болгон. Ал 2015-жылдын сентябрь айындагы жаңжалга байланыштуу кармалып, сот 16 жылга эркинен ажыраткан.

2015-жылга чейин "Ислам кайра жаралуу партиясы" мурдагы советтик чөлкөмдө расмий катталган жалгыз диний партия болгон.

XS
SM
MD
LG