Борбордук шайлоо комиссиясы Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясын толук курамы менен таратты.
Мындай чечим БШКнын 9-сентябрдагы отурумунда кабыл алынды. Шаардык кеңешке депутаттарды шайлоо учурунда катталган мыйзам бузуулар иштер укук коргоо органдарына жөнөтүлмөй болду.
Буга чейин БШК эки партиядан түшкөн арыздын негизинде Ошто саясий партиялардын шаардык кеңешке талапкер катары көрсөткөн тизмесинен аялдар жапырт чыгып кетип жатканын териштирген. Боршайком мүчөсү Тынчтыкбек Шайназаровдун билдиришинче, аялдарга басым болгон фактылар аныкталган.
"Ош аймактык шайлоо комиссиясында өз укуктарын мыйзам чегинде аткара албай тургандай абал түзүлүп калды", - деди Шайназаров.
Боршайкомдун маалыматына караганда, "Биздин Кыргызстан" партиясы 38 аял талапкерин, "Ата-Журт Кыргызстан" партиясы 39 талапкерин чыгарган, алардын 31и аял. Мындан тышкары аталган эки партиядан депутат болуп шайланган алты адам ыйгарым укуктарынан баш тартты, алардын бешөө аял. Баары тең мандатын депутаттыкка талапкерлер тизмесиндеги кийинки адамдарга өткөрүп берерин билдиришкен. Териштирүүдө аялдар арызды өздөрү жазбаганын, басым болгонун белгилешкен.
Дагы караңыз
УКМК: курал жана ок-дарылар бекитилген жер табылдыОштогу тергөө абагындагы укук бузуулар аныкталдыТашкент Ооганстанда өткөөл өкмөт түзүлгөнүн кубаттадыБШК үгүт иштери боюнча ЖМК жана талапкерлерге кайрылдыИсхак Пирматовго өкүм чыгып, 300 миң сом айып салындыКыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо быйыл 11-апрелде өтүп, жыйынтыгында Бишкек, Ош жана Токмок шаарларындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган. Кайра шайлоо 11-июлда өткөн.
Бишкекте шаардык кеңештеги 45 мандаттын 11и «Эмгекке», тогузу «Ата-Журт Кыргызстанга», сегизи "Ишенимге", жетөө "Ынтымакка", бешөө "Өнүгүү-Прогресске" жана дагы бешөө "Социал-демократтарга" тийген.
Ошто 45 мандаттын 19у “Ата-Журт Кыргызстанга”, 15и “Биздин Кыргызстанга”, жетөө “Улуттар Биримдигине”, төртөө “Бир Болго” ыйгарылган. (КЕ)