Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:23

Оштогу тергөө абагындагы укук бузуулар аныкталды


Ош шаарындагы №5 тергөө абагы.
Ош шаарындагы №5 тергөө абагы.

Ош шаарындагы тергөө изоляторунда кармалып турган аялдардын укуктары жаза аткаруу кызматкерлери тарабынан бузулуп жатканы аныкталды. Бул тууралуу Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун Оштогу өкүлчүлүгү кабарлады.

Аталган борбордун бир нече өкүлү Ош шаарындагы №5 тергөө абагында болушкан. Жабык жайда ашыкча адам кармалып турганы, жатканга керебети жоктугу аныкталган.

"Биринчи режимдик имараттын №26 камерасында жайгаштыруунун чеги сакталган эмес. Жети киши төрт керебет бөлүштүрүлгөн. Камеранын аянты "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" мыйзамдын ченемдерине туура келбейт. Экинчи режимдик мекеменин №31 камерасында да адамдар көп. Алты керебетте сегиз адам жатат, бул мыйзамга каршы келет ”, - дейт КАУБнын аймактык башкармалыгынын башчысы Худаяржан Нарматов.

Улуттук борбордун аймактык өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери мыйзам бузуу фактылары боюнча акт түзүштү. Жаза аткаруу тутумуна жана абак жайларда мыйзамдуулуктун сакталышын көзөмөлдөө боюнча прокуратурага кайрылуу жөнөтүлдү.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 11 түзөтүү мекемеси, алты тергөө изолятору, бир түрмө, 13 түзөтүү абагы, 50 аймактык жаза аткаруу инспекциясы бар. 2020-жылга карата жаза мөөнөтүн 9 миңден ашуун адам өтөп жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG