Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы кызматкери Канат Сагымбаев милицияга сурак берип чыкты. Адвокат Замир Жоошевдин "Азаттык" радиосуна билдиришинче, Сагымбаев 2020-жылдагы октябрь окуяларында жапырт башаламандыкты уюштурууга айыпталып жатат.
Канат Сагымбаев 2019-жылдын август айында Чүйдүн Кой-Таш айылында Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясындагы башаламандыкка айыпталып кармалган. №1 тергөө абагына камалып, 2020-жылы 6-октябрдагы башаламандык учурунда тарапташтары аны бошотуп алышкан.
Кийин кайра камакка алынып, октябрь окуяларына шектүү катары тергеле баштаган. Бишкектин Биринчи май райондук соту 5-декабрда Сагымбаевдин бөгөт чарасын карап, үй камагына чыгарган.
Октябрь окуяларына байланыштуу буга чейин оппозициялык саясатчы, "Туран" партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов камалган. Анын адвокаты Кантемир Турдалиев Молдокматовго дагы төрт кылмыш ишине, алты берене менен шектүү экени тууралуу билдирме берилгенин 7-сентябрда "Азаттыкка" билдирди.
Ички иштер министрлиги 6-майда кармаган саясатчыга 2020-жылдагы октябрь окуяларында "УКМКнын имаратын басып алууга аракет кылган" деген айып тагылган. Кийин берене өзгөртүлүп, "октябрь окуяларында жапырт башаламандык уюштурган" деген кине коюлган. (КЕ)
Дагы караңыз
"Кыргызкөмүргө" жаңы жетекчи дайындалдыБылтыр КТРКга бюджеттен 371 миллион сом жумшалдыБалдарга зомбулуктан коргонууну үйрөткөн колдонмо иштелип чыктыМигранттардын чемпион болгусу келген балдарыЖаза аткаруу кызматы Аскаровдун өлүмү боюнча ишти тергей баштады Казакстан: Милдеттүү түрдө эмдөөгө каршы болгондор митингге чыкты