"Үч улуттун кубогундагы" урунттуу учурлар
“Үч улут кубогун” кыргыз курамасы утуп алды.
"Ак шумкардын" күйөрманы.
"Үч улуттун кубогу" эл аралык мелдеши 2-сентябрда башталган. Ага Бангладештин, Кыргызстандын жана Палестинанын футбол боюнча улуттук командалары катышты.
Коронавирус пандемиясына карабай стадионго күйөрмандар көп келди. Оюнду Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров дагы келип көрдү.
Беттештин 10-мүнөтүндө кыргыз футболчусу Элдар Молдожунусов эсепти ачты.
Стадионго 14 миңден ашык көрүүчү келди.
39-мүнөттө чабуулчу Кайрат Изаков берген пасты чабуулчу Алимардон Шүкүров атаандаштын дарбазасына таамай тээп, экинчи голду киргизди.
1-таймдан кийинки тыныгууда стадиондогу 14 миңдей киши Азамат аттуу күйөрмандын сүйгөн кызы Жибектин колун сураганына күбө болушту. Эки жаш отурган тарапка каршылаш стадиондун сол тарабы Азаматтын досторунун жардамы менен "Жибек мага турмушка чыгасыңбы?" деген жазуусу бар чоң баннерди жайып, Жибек деп ураан чакырышты.
2-тайм башталары менен оюндун 46-мүнөтүндө кыргыз курамасынын капитаны Турсунали Рустамов 3-топту киргизди.
Кыргыз футбол бирлиги уюму билдиргендей, аталган мелдеш Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы үчүн 2023-жылы Кытайда өтө турган Азия кубогунун тандоо оюндарына даярдык болду.
Голду майрамдап жаткан кыргыз футболчулары.
Чаңкаган күйөрмандар суусундук үчүн кезек күтүп турушат.
Оюнду көрүп отурган милиция кызматкерлери.
Футбол күйөрмандарынын эсине сала кетели, 9-сентябрда Кыргызстандын олимпиадалык курмасы менен Бангладеш курмасынын жолдошук беттеши болот.