Мигранттын балдары: “Атамдан айрылганым - арманым”

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ош облусунун тургуну Зарина Чилова ата-энеси миграцияга кетип, туугандарынын колунда чоңойгон. Ал өз мисалында Кыргызстан эгемендик алган жылдардан кийин алыска ата-энесин узаткан балдардын жашоосун баяндайт. Ал он жыл мурда мекенине кайтып келип, атасынан айрылган. Зарина Чилова балдар бүтүн үй-бүлөдө чоңоюп, “мигранттын балдары” түшүнүгү жоюлушун каалайт.