Ахмад Масуд талибдер менен сүйлөшүүгө макул болду

Ооганстан.

Ооганстандын "Улуттук каршылык көрсөтүү фронтунун" башчысы Ахмад Масуд "Талибан" кыймылынын жаңжалды тынч жол менен жайгаруу боюнча сүйлөшүү сунушуна макулдук берди. Бул тууралуу "Фейсбуктагы" баракчасына жазганын Рейтер агенттиги кабарлады.

Агенттиктин маалыматы боюнча, талиб күчтөрү Панжшердин борбору Базаракка киргенин жарыялашкан.

"Эгер талибдер дагы Панжшер менен Андарабдагы чабуулдарын жана согуштук аракеттерин токтотсо, туруктуу тынчтыкка жетүү үчүн “Улуттук каршылык көрсөтүү фронту” согушту токтотууга даяр", - деп билдирди Ахмад Масуд.

Буга чейин ооган маалымат каражаттары ислам аалымдары кеңеши "Талибанды" Панжшердеги согушту токтотуу үчүн сүйлөшүүгө чакырганын жазып чыгышкан.

Ооганстандын талибдерге каршы акыркы таянычы - Панжшер өрөөнүндө айыгышкан салгылашуулар жүрүп жатканы кабарланып, ар бир тарап жеңгенин билдирип келишкен. (МТа)

Дагы караңыз

КМШ оюндары: Калмира Билимбек кызы алтын медалга ээ болду Панжшерде айыгышкан салгылашуу жүрүп жататЧерногорияда акцияга чыккандар полиция менен кагылыштыРаиси Иран диалогду басым-кысымсыз жандантууга даяр экенин билдирди