COVID-19: Беш киши каза болуп, 175 учур жаңы катталды

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 3-сентябрдагы маалыматына караганда, соңку бир суткада өлкө боюнча бул инфекциядан беш киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2 541 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 175 адамдан табылды. Өлкөдө бул оору менен 176 193 адам расмий катталды. Азыр ооруканада 960 адам жатат, дагы 979 ​бейтап үйдөн дарыланууда. Бир суткада 92 адам айыгып чыкты.

Оорудан сакайып чыккандардын жалпы саны 170 261ге жетти. (КЕ)

Дагы караңыз

АКШда "Ида" бороону кеминде 41 адамдын өмүрүн алдыПрезиденттин облустагы өкүлдөрү тууралуу жарлыкка өзгөртүү киргизилдиБишкекте сүрөтчү Сабиджан Бабажановдун сүрөт көргөзмөсү ачылатБУУнун гуманитардык аба кызматы Ооганстанга каттамын жандантты