Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:31

АКШда "Ида" бороону кеминде 41 адамдын өмүрүн алды


Бруклиндин көчөсүндөгү суу ташкыны. Нью-Йорк. 2-сентябрь, 2021-жыл.
Бруклиндин көчөсүндөгү суу ташкыны. Нью-Йорк. 2-сентябрь, 2021-жыл.

"Ида" бороонунан пайда болгон суу ташкыны АКШнын түндүк-чыгышындагы штаттарда 41 адамдын өмүрүн алып кетти.

Көпчүлүк адамдар ташкын унааларды жана жер төлөлөрдү каптаган учурда каза болушканы кабарланды. Нью-Жерсиде кеминде 23, ал эми Нью-Йоркто 12 адам суу ташкындын курмандыгы болгон. Ага чейин Луизиана штатында алты киши каза болгон.

Нью-Жерси менен Нью-Йоркто чукул кырдаал жарыяланды. Бийлик жол тазалаган бригадалар иштеп жаткан учурда жарандарды үйдөн чыкпай турууга чакырды.

Торнадо дагы бир катар штаттарга жетип, жүздөгөн үйлөрдү жана бак-дарактарды кыйратып кеткени кабарланды.

Социалдык тармактарда бороондун кесепеттери тартылган сүрөт, видеолор жайнады.

АКШ президенти Жо Байден бейшембиде элге кайрылып, "Ида" бороону, суу ташкыны жана токойдогу өрт климаттык кризистин көрсөткүчү деп билдирди. Президент өлкө жаратылыш кырсыктарына даяр болушу керектигин эскертип, Конгресске энергосистеманы жана инфраструктураны каржылоону камтыган чараларды иштеп чыгууну тапшырды.

"Ида" мындан 16 жыл мурун Жаңы Орлеанда болгон "Катрина" кырсыгын эске салды. Анда 1800дөн ашуун кишинин өмүрү кыйылган.

XS
SM
MD
LG