"Акыркы көч" тасмасынын улуттук премьерасы өттү

"Акыркы көч" тасмасынан алынган кадр.

Бүгүн, 2-сентябрда Кыргызстанда кинорежиссёрлор Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулу тарткан "Акыркы көч" (The Road to Eden) тасмасы жалпы көрүүчүлөргө тартуулана баштады. 1-сентябрда Бишкекте фильмдин улуттук премьерасы өттү.

Досунун дарылануусуна же бир тууганынын карызын төлөөгө жардам берүү деген эки маселенин бирин тандоо көйгөйүнө туш болгон калемгердин тагдыры тууралуу баяндаган "Акыркы көч" көркөм фильми Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" студиясынын жана "Билимкана" коомдук фондунун колдоосу менен жаралган.

Тасмада Марат Алышпаев, Шайыргүл Касымалиева, Бусурман Одуракаев, Анара Ажыканова, Калипа Усенова, Өмүрзак Токтомуратов сыяктуу көрүнүктүү актёрлор тартылган.

“Акыркы көчтүн” дүйнөлүк премьерасы 2020-жылы Таллинде өткөн эл аралык кинофестивалда болгон. Андан бери фильм бир нече эл аралык сынактарга катышып, байгелүү орундарга татыды. (RK)

Дагы караңыз

Коронавирус 142 кишиден аныкталып, төрт бейтап каза болду"Центерранын" коңгуроосу, бийликтин жообу "Алтын түйүн" балдар академиясына "улуттук" макам ыйгарылды Баткен: ишкерлердин чыгымын жаппаган кенемте