Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 2-сентябрдагы маалыматына караганда, соңку бир суткада вирустан төрт киши каза тапты.
Жалпысынан COVID-19дан каза болгондордун расмий саны 2 536 адамга жетти.
Соңку бир күн ичинде вирус дагы 142 адамдан табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 176 018 адам. Азыр ооруканада 954 бейтап бар. Дагы 910 бейтап үйдөн дарыланууда. Бир суткада 102 адам айыгып чыкты. Оорудан сакайып чыккандардын жалпы саны 170 169 кишиге жетти. (КЕ)