“Ыйман нуру” партиясы парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирди

БШК.

Парламенттик шайлоого катышуу ниетин “Ыйман нуру” саясий партиясы да билдирди. Бул тууралуу 1-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы маалымдады.

Мекеменин маалыматына караганда, партия шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү кылып Урмат Мергеналиеваны, каржы маселелери боюнча өкүлү кылып Айнура Акматованы дайындаганын билдирди.

Бүгүн, 1-сентябрда парламенттик шайлоого катышуу тууралуу билдирме “Ата Мекен” саясий партиясынан да келип түшкөнүн БШК маалымдаган.

Ага чейин шайлоого катышуу ниетин "Социал-демократтар", "Улуттар биримдиги", "Ишеним", "Альянс", "Жашылдар партиясы", "Жаратман Эл", “Кыргызстанды бириктирүүчү патриоттук партия" партиялары билдирген.

“Ыйман нуру” партиясы 2020-жылдагы парламенттик шайлоого да катышып, добуштардын 3,41% алган.

Кийин бул шайлоо өнөктүгүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган. Жаңы шайлоо быйыл 28-ноябрда өтөт. Ага катыша турган партиялар билдирмесин БШКга 3-сентябрга чейин тапшырышы зарыл. (RK)

Дагы караңыз

"Насыя алдым, таттуу сатам..." Кымбатчылыкта кыйналган мугалимдер Орусияга кирүүгө тыюу салынгандарКыргыз-казак айтышынын жеңүүчүлөрү аныкталдыКаракол шаарында кыргыз-казак айтышы өттү