Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жана чыгаруу жөнүндө жарлыктарга кол койду. Аларга ылайык, 227 адам (анын 48и балдар) кыргыз жарандыгын алды. Көпчүлүгү этникалык кыргыздар.
Мамлекет башчынын башка жарлыгы менен 180 киши (30у балдар) жарандыктан чыгарылды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы 1-сентябрда кабарлады.
Президенттин 25-августтагы жарлыгынын негизинде көпчүлүгүн этникалык кыргыздар түзгөн 548 адам кыргыз жарандыгын алган. Учурда өлкө калкынын саны – 6 млн 600 миң киши. Этникалык кыргыздар Кытай, Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Ооганстан, Түркия сыяктуу мамлекеттерде жашашат. (КЕ)
Дагы караңыз
Жогорку Кеңеш ишин баштадыЖапаров Мирзиёевди Өзбекстандын Эгемендик күнү менен куттуктадыCOVID-19: Төрт киши каза болду, 142 бейтап жаңы катталдыБайден Ооганстандагы миссиянын аякташын “Америка үчүн эң жакшы чечим” деп баалады