Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 1-сентябрдагы маалыматына караганда, соңку бир суткада өлкө боюнча бул инфекциядан төрт киши каза болду.
Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2 532 адамга жетти.
Соңку бир күн ичинде вирус дагы 142 адамдан табылды. Өлкөдө бул оору менен 175 876 адам расмий катталды. Азыр ооруканада 1 036 адам жатат, дагы 795 бейтап үйдөн дарыланууда. Бир суткада 290 адам айыгып чыкты. Ооорудан сакайып чыккандардын жалпы саны 170 067 жетти. (КЕ)