Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы ачылды

Жогорку Кеңеш имараты.

Бүгүн 1-сентябрда Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы ачылды. Алгачкы жыйын символикалык түрдө гана өтүп, эч кандай маселе каралган жок.

"Республика Ата-Журт" фракциясынын жаңы депутаты Авазбек Абдугапаров ант берип, расмий түрдө ишке киришти.

Парламент төрагасы Талант Мамытов кийинки отурум келерки аптада болорун жарыялап, депутаттарды активдүү иштөөгө чакырды:

"Жогорку Кеңештин фракциялары жана комитеттери бүгүнкү күндөн тартып иштей баштайт. Баарыңар мыйзам долбоорлору боюнча активдүү катышып, ишти улантууну суранам".

Парламент июндун аягында жайкы эс алууга тарап, 5-июлда кайра бир айлык кезексиз сессиясын баштаган.

Жогорку Кеңеш 120 мандаттан турат. 2020-жылы Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүп, анын жыйынтыгы жокко чыгарылган.

Кезектеги шайлоо 28-ноябрда жаңы эреже боюнча өтөт. Бул жолку парламенттик шайлоо пропорционалдык (54) жана мажоритардык (36) система менен өткөрүлөт. (RK)

Дагы караңыз

Парламенттик шайлоого катышууну каалаган бир нече партия арыз бердиКыргыз-казак айтышынын жеңүүчүлөрү аныкталдыRSF: Кремл шайлоо алдында Интернетте “чектөөнү күчөттү”Айрым өлкөлөр Ооганстандан жарандарын алып чыгууга жетишпей калды