Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:10

Айрым өлкөлөр Ооганстандан жарандарын алып чыгууга жетишпей калды


Ооган качкындарынын Рамштайн аба майданындагы лагери. Германия. 31-август, 2021-жыл.
Ооган качкындарынын Рамштайн аба майданындагы лагери. Германия. 31-август, 2021-жыл.

Франция баштаган бир катар батыш Европанын өлкөлөрү Ооганстандан жарандарын жана өздөрү кызматташып, өлкөдөн чыгып кетүүнү каалаган ооган жарандарын алып чыгууга жетишпей калганын билдирүүдө.

Associated Press маалымдагандай, Франциянын коргоо министри Эрве Гранжан шейшембиде журналисттерге ондогон француз жарандары жана алар менен кызматташкан ооган жарандары акыркы эвакуациялык учакка илешпей калганын билдирди. Анын айтуусунда Франциядан башпаанек сураган ондогон ооган качкындары да кала беришкен. Гранжан аларды алып чыгуу үчүн француз бийлиги колдон келген аракетин жасай турганын айтты.

АКШнын мамкатчысы Энтони Блинкен Кабулдан чыга албай калган америкалык жарандардын саны так эместигин, алар "200гө жетпеген адам" болушу ыктымалдыгын айтты. Блинкен АКШ Ооганстанда калып калган америкалыктарга жардам берүүнү улантарын белгиледи.
Мурдараак Ооганстанда Германиянын 300гө чамалуу жараны калганы кабарланган. Бирок немис канцлери Ангела Меркел шейшембиде жардамга муктаж адамдардын саны бир топ көп экенин билдирди.

"Биздин көңүл борборунда жергиликтүү адамдар турат, алар 300 эмес, 10-14 миңдин айланасында. Алардын ичинен канчасы кетүүнү каалайт, аны текшеребиз", - деди Меркел Австриянын канцлери
Себастьяном Курц менен жолугушуу алдындагы маалымат жыйынында.

Британиянын Evening Standard басылмасы тышкы иштер министри Доминик Раабга шилтеме кылып, Ооганстанда британдык жарандар калганын жазды. Ал эми британ учагы менен өлкөдөн чыгып кетүүнү каалаган оогандыктардын так саны белгисиз.

"Талибан" (Кыргызстанда тыюу салынган террордук уюм) кыймылы АКШ жана НАТОнун союздаштары Ооганстандан аскерлерин 31-августтан калтырбай алып чыгып кетүүгө тийиштигин билдирген. Буга байланыштуу көптөгөн өлкөлөр Ооганстандагы жарандарын шашылыш алып чыгууга мажбур болушкан.

XS
SM
MD
LG