Октябрь райондук ички иштер бөлүмү караоке клубдан чыгып келе жаткан кызды бетке урган адамга "Ээнбаштык" беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин социалдык тармакта тепкичтен чыгып келе жаткан кызды жанындагы адам чыканагы менен бетке тоголото койгон видео тараган.
Милициянын маалыматына ылайык окуя 29-августтун түнүндө Бишкектеги караоке клубдардын биринде болгон.
Караоке клубдун администраторунун милицияны чакыруу сунушунан запкы көргөн кыз баш тартып, чапкан адам күйөөсү экенин билдирген.
Учурда комплекстүү тергөө иштери жүрүп жатат, шектүүнү кармоо үчүн издөө жарыяланды. (МТа)
Дагы караңыз
Вирустан төрт киши каза болду, 145 жаңы учур катталдыӨзбекстан ооган качкындарына чек арасын ачууга даяр экени тууралуу маалыматты четке кактыТүркмөнстандын президенти ооган качкындарын кабыл алуудан баш тарттыИчки иштер министри менен баш прокурорду кызматтан алуу талабы коюлду