Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:10

Вирустан төрт киши каза болду, 145 жаңы учур катталды


Азыр ооруканада 1 071 адам жатат, дагы 914 ​бейтап үйдөн дарыланууда.
Азыр ооруканада 1 071 адам жатат, дагы 914 ​бейтап үйдөн дарыланууда.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 31-августтагы маалыматына караганда, Кыргызстанда бир суткада коронавирустан төрт киши каза болду.

Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2 528 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 145 адамдан табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган жалпы саны 175 714 адамга жетти.

Бир күндө 360 ​адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 1 071 адам жатат, дагы 914 ​бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 169 777​ киши. (BCh

)

XS
SM
MD
LG