Чет өлкөлүк жарандарга түшүндүрүү иштери жүрүп жатат

Бишкектеги индиялык студенттер. Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлигинин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы кызматы Бишкек шаарында, Ысык-Көл жана Чүй облусундагы чет өлкөлүк жарандарга, алардын ичинде Кыргызстандагы окуу жайларда окуган чет өлкөлүк студенттерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

Аларга Кыргызстанда жүрүү тартиби, санитардык-эпидемиологиялык эрежелер тууралуу маалымат берилди. Ал эми транзит аркылуу үчүнчү өлкөлөргө кете турган жарандарга мейманкана жана үйлөрдөн зарылчылыгы жок чыкпоо эскертилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Мурдараак Тышкы иштер министрлиги июль, август айында Кыргызстан пакистандык жарандарга 7 500 туристтик виза берилгенин маалымдаган. Мындан тышкары Кыргызстан аркылуу Бириккен Араб Эмираттарына жана Сауд Арабиясына жумушка бара жаткан пакистандыктар да бар экени тууралуу маалымат берилди. Ага ылайык, пакистандыктар бул өлкөлөргө мекенинен түз каттам болбогондуктан, Кыргызстан аркылуу транзиттик жол менен учат.

Тышкы иштер министрлиги виза режими жөнөкөйлөтүлгөндөн кийин Кыргызстанга келген Пакистандын жарандарынын саны өскөнүн билдирген. Мекеменин маалыматы боюнча 2019-2021-жылдары Пакистан жарандарына жылына 10 миңдей виза берилет. Алардын көпчүлүгү билим алуу үчүн виза тапшырган.

Пакистандын атуулдары Кыргызстанда 30 күн визасыз жүрө алат. Бул өлкөдөн келген 7 миңге чукул студент Кыргызстанда билим алат.

Ооганстанда абал курчугандан бери бул өлкөдөгү чет элдик өкүлчүлүктөр жабылып, кызматкерлери эвакуацияланууда. Алар менен катар өлкөдөн чыгып кетүүнү каалаган миңдеген ооган жарандары аэропортто топтолгон сүрөттөр жарыяланган.

Ооган жарандарына окшоп кийингендер соңку күндөрү Бишкектин көчөлөрүндө көбөйгөнү коомчулукта кызуу талкууланууда.(ZKo)

Дагы караңыз

БШК шайлоо үгүт жараянына катышуучу ЖМКларды каттоону баштадыЖККУнун Баш катчысы Станислав Зась Кыргызстанга келет Бишкекте борбордук көчөлөр жабылатЧет өлкөлөрдүн лидерлери Кыргызстанды Эгемендик майрамы менен куттукташуудаБүгүн Кыргызстандын эгемен мамлекет болгонуна 30 жыл толду"Отуз жылда коррупция тамырлады, демократия түптөлдү"