СОVID-19: Казакстанда бир күндө 124 өлүм, 5000ден ашуун бейтап катталды

Чымкент шаарындагы морг коронавирустун "дельта" штаммы жайылгандан бери тынымсыз режимде иштеп жатат, 13-август, 2021-жыл.

28-августта Казакстанда коронавирус жугузгандардын саны 5222ге жетти. Коңшу өлкөдө COVID-19ун “дельта” штаммы тездик менен жайылып, аны жугузуп алган жаштар катуу ооруп жатканы маалым болду. Түркестан облусунан башка бардык аймактар “кызыл зонага” кирди.

30-августка карай вируска чалдыкканы лабораторияда тастыкталгандардын саны 785 149 бейтапка жетти. Былтыр 13-мартта коронавирус биринчи катталгандан бери инфекциядан өлгөндөрдүн саны 9 222ге жетти. Бир күндө 104 киши көз жумганы катталды.

Казакстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 30-августка карай коронавируска каршы эмделгендер 5,33 миллионго жетти. Ал эми вакцинанын 1-дозасын алгандардын саны – 6,61 миллион.

Коңшу өлкөдө элди эмдөөгө Карагандыда өндүрүлгөн орусиялык ««Спутник V» вакцинасы колдонулат. Ошондой эле жергиликтүү QazVac, Кытайдын CoronaVac жана Бириккен Араб Эмираттарында чыгарылган, кытайлыктар ойлоп тапкан Hayat-Vax вакцинасын сайдырса болот.

АКШдагы Жонс Хопкинс университетинин маалымат базасы дүйнөдө 216 миллион кишиге коронавирус жукса, 4,5 миллион киши андан көз жумганын көрсөтөт.

Дагы караңыз

Казакстанда коронавирустун төртүнчү толкуну башталдыКабулда террордук чабуул коркунучу күч"Отуз жылда коррупция тамырлады, демократия түптөлдү"Эгемен Кыргызстандын эл аралык рейтинги