Польша менен Беларустун чек арасында мыйзамсыз мигранттардын жолун бууган тосмону бузууга аракеттенген 13 активист кармалды. Өлкөнүн Чек ара кызматы 29-августтун кечинде кармалгандарын 12си Польшанын, ал эми бирөө Нидерланддын жараны экенин билдирди.
Соңку эки аптада Польша менен Литваны Беларус тараптан өтүп келген мигранттардын агымы каптады. Расмий жетекчилердин сөзүнө караганда, авторитардык лидер Алексей Лукашенко өз режимине каршы киргизилген Батыштын сакцияларына жооп катары ушул жолду колдонууда.
Минскинин дарегине Ирактан, Ооганстандан келген мигранттарды Европа Биримдигинин карамагына коё берип жатат доомат көп айтылууда.
Польша жакында эле Беларус менен чек арасын тикенек тор менен тосуп, эми 2,5 метр бийик дубал орнотууну пландап жатат.
Дагы караңыз
"Отуз жылда коррупция тамырлады, демократия түптөлдү"Казакстанда коронавирустун төртүнчү толкуну башталдыШайлоо-2021: жаңы эрежелер талкууга түштүЭгемен Кыргызстандын эл аралык рейтинги