Мигранттын балдары: Мекенге таарыныч жана сагыныч

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Гүлайым, Нурайым, Элина Сапаровалар Орусиянын Екатеринбург шаарында төрөлүп өскөн. Эже-сиңдилердин ата-энеси Советтер Союзу тараган жылдары Орусияга иштегени келип, калып калган. Отуз жылдан бери бөтөн жерде жашаган ата-эне мекенинен үзүлө албай жүрсө, ал жакта өсүп калган кыздары Кыргызстанга байлана албай арасат.