Франция эвакуацияланган оогандыктарга медициналык камсыздандырууну кезексиз берет

Шакиба Давод, 2009 -жылдан бери Францияда жашаган ооган сүрөтчүсү. Ооганстандан эвакуацияланган апасы жана эжеси менен жолугушкан учуру. Пантиндеги кабыл алуу борбору. Франция. Август, 2021-жыл.

Франциянын бийлиги Ооганстанда француз мекемелери менен кызматташып жүрүп, эвакуацияланып келген ооган жарандарына медициналык камсыздандырууну кезексиз берүүнү чечти. Бул тууралуу "Журналь дю диманш" басылмасы жекшембиде кабарлады.

Маалыматка караганда, Франциянын саламаттык сактоо министри Оливье Верандын чечими Улуттук медициналык камсыздандыруу фондунун башчысына жиберилген. Маалыматта ошондой эле Франциядан башпаанек сураган адамдарга бул документ үч айдан кийин берилип келгени тууралуу да айтылат.

Француз бийлиги Ооганстандан жарандарын жана жергиликтүү качкындарды алып кетүү 27-августта аяктаганын билдирген. Президент Эммануэл Макрон августтун ортосунан бери Ооганстандан 2834 алам чыгарылганын айтты. Булардын 142си франциялык, 117 адам Европанын башка өлкөлөрүнүн жарандары, калганы ооганстандыктар.

Августтун орто ченинде “Талибан” (Кыргызстанда жана бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган) кыймылы Ооганстанда бийликти басып алган. Ошондон тарта Кабул аэропорту аркылуу АКШ жана анын союздаштары 100 миңдей кишини алып чыгып кетти. Анын ичинде талибдер тарабынан өмүрү коркунучка кептелген миңдеген оогандар да бар.

Дагы караңыз

Ноябрга белгиленген шайлоо, саясий күчтөрдүн абалы жана дымагы Президент Таласта Эгемендиктин 30 жылдыгына арналган салтанатка катышат АКШ, Британия жана башка өлкөлөр Кабулдан күчтөрдү чыгарууну улантуудаКоопсуздук кеңеши жергиликтүү бийликтеги коррупцияны аныктоого кириштиҮч милиция кызматкери кесиптешинин ок атканын жашырган деген шек менен кармалдыКазакстан Жамбылдагы жарылуудан курман болгондорго аза күтүп жатат Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 28-ноябрга белгиленди  Бишкекте "Ынтымак" паркынын экинчи бөлүгү ачылды