Орусиянын статистика комитети маалымдагандай, бул январь айынан берки эң жогорку көрсөткүч. Жыл башында коронавирус инфекциясынан 37 миң адам жарык дүйнө менен кош айтышкан. Орус өкмөтүнүн вице-премьери Татьяна Голикова мурдараак ооруга вирустун "Дельта" штаммы себеп болгонун айткан.
Июнь айынан тартып Орусиянын басымдуу аймагында коронавируска каршы милдеттүү түрдө эмдөө киргизилген.
Былтыр декабрда башталган эмдөө жай жүрүп жатканы айтылып келет. Акыркы маалыматтар боюнча коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын жарандардын 30%, ал эми эки дозасын 25% алды.
Ооруга жалпысынан 6,5 млн. ашуун адам чалдыгып, 180 миң киши илдеттен көз жумган.
Жонс Хопкинс атындагы университеттин маалыматы боюнча дүйнө жүзүндө коронавируска 215 млн. ашуун адам чалдыгып, 4,4 млн. ашуун киши оорудан кайтыш болгон.
Орус бийлиги коронавируска каршы вакцинанын төрт түрүн иштеп чыккан.
Дагы караңыз
Кабул аэропортундагы теракттын уюштуруучусу жок кылынганы кабарлануудаМурдагы баш прокурор Салянова Казакстанда жүрөгүнөн операция болдуНоокенде МИСТЕLAND фестивалы өттүАйдоочу менен милициянын чыры өлүм менен аяктадыМосквада мигранттарга карата 800 кылмыш иши козголдуЖамбылдагы жарылуудан 13 киши каза таптыПрезидент Жапаров Баткенде курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты "Ас-Сарахси" мечитинин имамы Рашод Камолов эркиндикке чыгарылды