Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:57

Кабул аэропортундагы теракттын уюштуруучусу жок кылынганы кабарланууда


Жардыруудан кийинки көрүнүш. Кабул. 27-август, 2021-жыл.
Жардыруудан кийинки көрүнүш. Кабул. 27-август, 2021-жыл.

АКШ аскерлери Кабул аэропортунда 26-август күнү болгон жардырууга жооп кылып, "Ислам мамлекети" террордук тобуна абадан сокку урду.

Пентагондун маалыматына караганда, Нангархар провинциясына жасалган чабуулдун натыйжасында аба майданындагы жардырууну уюштурган "ИМ" тобунун мүчөсү өлтүрүлдү. Чабуулдан жай тургундар жабыркаган эмес.

Кабул аэропортундагы жардыруу Батыштын бир катар мамлекеттери Ооганстандан жарандарын жана жергиликтүү өнөктөштөрүн чыгарып кетип жаткан маалда болду. Кол салууну "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу (Кыргызстанда жана бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган радикал уюм) уюштурганын моюнуна алды. АКШнын Коргоо министрлиги 13 аскер кызматкери мүрт кетип, 18 аскер жараат алганын ырастады.

Августтун орто ченинде “Талибан” (Кыргызстанда жана бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган) кыймылы Ооганстанда бийликти басып алган. Ошондон тарта Кабул аэропорту аркылуу АКШ жана анын союздаштары 100 миңдей кишини алып чыгып кетти. Анын ичинде талибдер тарабынан өмүрү коркунучка кептелген он миңдеген оогандар да бар.

XS
SM
MD
LG