Казакстан Аза күтүү күнүн жарыялады

Курал-жарак кампасындагы жарылуунун эпкини жакын жайгашкан май куюучу бекетти талкалап кеткен. Жамбыл облусу, Казакстан. 27-август, 2021-жыл.

26-августта кечке жуук Жамбылдын Байзак районундагы курал-жарак кампасы жарылып, кеминде 13 адам каза таап, 98 киши жаракат алган.

Расмий маалыматка ылайык, маркумдардын үчөөнүн тек-жайы аныктала элек. Дагы үч адам дайынсыз.

Жардыруудан куткаруучулар, аскер кызматкерлери жана прокуратура кызматкерлери жабыркаган. Коргоо министрлиги жабыркагандардын арасында жай тургундар жок деп билдирүүдө.

Дагы караңыз

Кабулдагы терактта 200дөй адам жараат алдыОк чыгарган милиционер УКМКнын тергөө абагына киргизилдиПрезидент Жапаров Баткенде курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты "Ас-Сарахси" мечитинин имамы Рашод Камолов эркиндикке чыгарылды Өзбекстанда "басмачылар" актала баштады Бишкекте милиционердин ок чыгарган окуясы иликтенүүдө