26-августта түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир жерлеринде, Чүй, Ош облустарынын тоолорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Чүй, Ош облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Баткен, Жалал-Абад облустарында жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 15...20, күндүз 30…35;
Талас жергесинде түнкүсүн 11...16, күндүз 27…32;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 15…20, күндүз 31…36;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 23…28;
Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 21…26;
Бийик тоолордо түнкүсүн -3…+2, күндүз 9…14;
Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20, күндүз 33…35 градус болот.
Чолпон-Ата шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14, күндүз 23…25 градуска чейин жогорулайт.
Дагы караңыз
Данияр Нарымбаев ооруканадан тергөө абагына которулдуОоганстандык качкындар БУУнун Бишкектеги кеңсесинин алдына пикетке чыгыштыТемир Сариев тергөө абагында калтырылдыКан жолдо кыйылган өмүр: бир аптада 24 киши