Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:24

Ооганстандык качкындар БУУнун Бишкектеги кеңсесинин алдына пикетке чыгышты


18-августта ушундай эле акция АКШ элчилигинин алдында өткөн.
18-августта ушундай эле акция АКШ элчилигинин алдында өткөн.

Өздөрүн ооганстандык качкын деп тааныштырган 50 чакты адам бүгүн, 25-августта Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Бишкектеги кеңсесинин алдында акция өткөрүштү. Алар пикет уюштурууга мэриядан уруксат алганын билдиришти. Бирок милиция шаар башкармалыгы коронавирус боюнча эпидемиологиялык абалга байланыштуу уруксат бербегенин, акцияны кийин өткөрүүнү сунуштаганын маалымдады.

Ушундай эле акция бул жерде жана АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин алдында 18-августта өткөн.

Пикетке чыккандар 20 жылдан бери качкын макамын ала албай жүргөнүн билдиришкен жана Кыргызстандын бийлигинен аларга качкын макамын берүүнү же АКШга, Канадага жөнөтүүнү талап кылышкан.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Качкындар менен иштөө башкармалыгы Кыргызстан Ооганстандагы памирлик 1200 кыргызды кабыл алууга даяр экенин, бүгүнкү күнгө чейин 73 ооганстандыкка качкын макамы берилгенин жана дагы 67 арыз каралып жатканын билдирген.

Кыргызстан 1996-жылы БУУнун Качкындар макамы тууралуу конвенциясына кошулган.

Өлкөдө террордук уюм катары тыюу салынган "Талибан" кыймылы 15-августта Кабулду алгандан кийин он миңдеген жай тургун качууга аргасыз болду. Кыргыз бийлиги ооган жарандарына виза берүүнү убактылуу чектегенин, виза студенттерге гана берилип жатканын маалымдады. (RK)

XS
SM
MD
LG