25-августта түнкүсүн жана эрте менен Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Чүй облусунун өрөөндөрүндө жана Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 15…20 , күндүз 29…34;
Талас жергесинде түнкүсүн 8...13, күндүз 27…32;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 16…21, күндүз 30…35;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 21…26;
Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 23…28;
Бийик тоолордо түнкүсүн -3…+2, күндүз 9…14;
Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19, күндүз 32…34 градус болот.
Дагы караңыз
Нурматов: Коронавирус менен ооруп жаткандардын 99% вакцина албагандарТөрөбай Зулпукаров камакта калтырылдыАбылгазиев Башкы прокуратуранын өтүнүчү менен үйүнө бошотулдуМосквада ооган аялдарын колдоп акцияга чыккандар кармалды